Биз менен байланышыңыз

Иракта демонстранттар Иран консулдугун өрттөп жиберишти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 778 | 0

Коррупцияга жана бийликке каршы чыккан ирак демонстранттары Наджаф шаарындагы(өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү административдик борбор) Иран консулдугун басып алышып, аны өрттөп жиберүүгө үлгүрүшкөн. Бул тууралуу  Reuters агенттиги полициялардын берген мааалыматына жана шаардагы башка булактарга таянып жазып чыгышты.

Консулдуктун кызматкерлерин окуя болгонго чейин чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ушул окуядан кийин шаарга коменданттык саат киргизилген.

Полициянын берген маалыматына караганда, өлкө боюнча башаламандыкты токтотуу учурунда 350дөн ашуун адам курман болгон. Shafaaq агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн түштүк райондорунда жолдордун көпчүлүгү тосулуп, мектептер жана муниципалдык мекемелердин иши токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM