Биз менен байланышыңыз

«Беспредел.kg» баракчасынын администратору 24-январга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 531 | 0

Мурда маалымдалгандай, аймактар аралык жаңжалды козуткан факты боюнча «Беспредел.kg» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков кармалып, УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, ал бир нече жолу аймактар аралык жаңжалды козутууга үндөгөн жалган жана провокациялык мүнөздөгү маалыматтарды таратып, жарандарды мыйзамсыз жана зордук-зомбулук иш аракеттерге түрткү кылып, колдонуучулар арасында каршы ойлорду жаратып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан.

Бул факты боюнча маетиалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. «Аймактар аралык касашууну козутуу» боюнча катталган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова «Маралга» билдиргендей,  Афтандил Жоробековдун бөгөт чарасы бүгүн, 27-ноябрда каралып, соттук өндүрүш аяктаганга чейин, 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынды.

Кошумчалай кетсек, Афтандил Жоробековдун 24-ноябрда «#REакция жарандык акциясынан» бир күн мурда УКМК тарабынан кармалгандыгын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго бул ишти көзөмөлгө алуусун өтүнүп, анын бир тууганы Чынара Темирова өзүнүн «Фейсбук» баракчасынан кайрылуу жолдоду.

Моего брата, Жоробекова Афтандила, автора страницы БеспределKG заключили под стражу в СИЗО ГКНБ за пост "Посадочный талон Раима и Абдыкадыра. Улетели из страны ?""и предъявили обвинения по ст 313 УПК КР в совершении тяжкого преступления в возбуждении этнической, нац. и межрегиональной вражды. Мы рассматриваем это как покушение на свободу слова человека.

Опубликовано Chynara Temirova Среда, 27 ноября 2019 г.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM