Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «Бийликти жүзүм жарык өткөрүп берсем деп тилейм»

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 555 | 0

Президенттик бийлик бул бирөөнүн менчиги эмес, бул элдин бийлиги. Мындай пикирин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Президенттин кенен форматтагы маеги анын инаугурациясынын эки жылдыгына карата жарыяланды.

Жээнбеков мамлекетти башкаруу бул чоң жоопкерчилик, ишеним жана чоң жүк экендигин төмөнүчө билдирди:

Эл өзү шайлаган адамдары аркылуу өзүнүн бийлигин жүргүзөт. Мен муну туура баалайм. Кызматта турган учурда элдин берген аманатын жүзүм жарык болуп, кайра кайтарып берсем деген ой мени күндүр-түндүр түйшөлтөт. Ойлорум ар дайым элге берген убадаларымды унуттурбайт. Биз аракеттерибизди Президенттик Аппарат, Өкмөт, Жогорку Кеңеш менен биргеликте жасап атабыз.

Белгилей кетсек, президент Жээнбеков 2017-жылы 24-ноябрда өлкө башчы катары расмий түрдө ант берип, кызматына киришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM