Биз менен байланышыңыз

Тотомидин Жолдошев: «Таалай Бектургановдун мен билген 5 сапаты…»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 22 Ноя 2019 | 1241 | 0

Көп  жылдан  бери Таалай Бектургановдун  атын өчүрбөй  алып  келе  жаткан  “Таалай элеси” тобунун  жетекчиси Тотомидин  Жолдошев “Марал” радиосунун  кадырлуу коногу болуп, кызыктуу маек куруп  берди.     —

— Саламатсызбы, Маралга кош келипсиз?

— Саламатчылык, чоң рахмат!

— «Таалай элеси» тобу  кандай  жетишкендиктерге жетишти? Чыгармачылыкта кандай бийиктиктерге жете алды? Кененирээк  токтолуп айтып отурсаңыз?

— “Эгиздердин арманы” аттуу  тарбиялык маанидеги ырды жазып чыктык. Буюрса, ушул  ноябрь ичи аталган  ырга клип тартып  баштайбыз. Топ уюшулгандан бери эле элге тынбай кызматын көрсөтүп, эмгектенип эле келе жатабыз.

— Бул топту түзүп, атын өчүрбөй жетектеп алып келе  жатканыныздын  себеби эмнеде?

— 1999-жылы  аталган топту түзгөнбүз. 2000-жылдары ырларыбызды  жаздырып баштадык. Ошол жылдары топко Жамалбек Эшалиев, Сардарбек Досбаев, Молдалы Өтөмбаев аттуу бир айылдын  балдары чогулган болчубуз. Ал учурда топко Молдалы Өтөмбаев жетекчилик кылчу. 2005- жылдардан кийин ар бири шартка  байланыштуу топтон чыгып кетишти.  Ошол жылдардан  баштап, Тотомидин  Жолдошев “Таалай элеси” тобу  деп  жалгыз  эле  жүрдүм. 2015-жылы өзүмдүн жээним Сурманы топко солистка  кылып  алдым.

— Сурма айымга  чейин канча  солист  алмашты?

— Жеңишгүл Сатылганова биринчилерден болуп “Жүрөк сыры” аттуу ырды ырдап  чыккан, андан кийин Молдалы Өтөмбаевдин  жубайы Элизат солистка болду.  Сурмага  чейин 2 солистка алмаштырдым.

— 27 гана жыл жашап, бирок  эл оозуна  алынып, аты легендага айланган Таалай Бектурганов бир топ ырларды  жаратып  кеткен.  Ошол таланттын стилинде да ырдаган ырларыңыз  барбы?

— Ооба,  сүйүү темасында бар. Бирок сөздөрүн толук бүтө элекмин.

— Таалай Бектургановдун сиз билген 5 жакшы сапаты?

— Бала  кыял, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, суучул анан сөзүнө бек турган  инсан болчу.

— «Таалай элеси» тобун  талашкандар да болду беле?

— Болот да. Баягыл “душманыңа карап, түздөнөсүң” дегендей  алар дагы  керек,  негизи. Ошолорду  көрүп иштейсиң. Бирок мен  өчөшпөйм. Аларга  болгону жакшылык  гана каалайм, жакшы  сөздөрүмдү арнайм.

— Маегиңизге чоң рахмат, келип кызыктуу аңгеме-дүкөн куруп бергенинизге ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым чыгармачылык ийгиликтер коштоп жүрсүн!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM