Көп жылдан бери Таалай Бектургановдун атын өчүрбөй алып келе жаткан “Таалай элеси” тобунун жетекчиси Тотомидин Жолдошев “Марал” радиосунун кадырлуу коногу болуп, кызыктуу маек куруп берди. —
— Саламатсызбы, Маралга кош келипсиз?
— Саламатчылык, чоң рахмат!
— «Таалай элеси» тобу кандай жетишкендиктерге жетишти? Чыгармачылыкта кандай бийиктиктерге жете алды? Кененирээк токтолуп айтып отурсаңыз?
— “Эгиздердин арманы” аттуу тарбиялык маанидеги ырды жазып чыктык. Буюрса, ушул ноябрь ичи аталган ырга клип тартып баштайбыз. Топ уюшулгандан бери эле элге тынбай кызматын көрсөтүп, эмгектенип эле келе жатабыз.
— Бул топту түзүп, атын өчүрбөй жетектеп алып келе жатканыныздын себеби эмнеде?
— 1999-жылы аталган топту түзгөнбүз. 2000-жылдары ырларыбызды жаздырып баштадык. Ошол жылдары топко Жамалбек Эшалиев, Сардарбек Досбаев, Молдалы Өтөмбаев аттуу бир айылдын балдары чогулган болчубуз. Ал учурда топко Молдалы Өтөмбаев жетекчилик кылчу. 2005- жылдардан кийин ар бири шартка байланыштуу топтон чыгып кетишти. Ошол жылдардан баштап, Тотомидин Жолдошев “Таалай элеси” тобу деп жалгыз эле жүрдүм. 2015-жылы өзүмдүн жээним Сурманы топко солистка кылып алдым.
— Сурма айымга чейин канча солист алмашты?
— Жеңишгүл Сатылганова биринчилерден болуп “Жүрөк сыры” аттуу ырды ырдап чыккан, андан кийин Молдалы Өтөмбаевдин жубайы Элизат солистка болду. Сурмага чейин 2 солистка алмаштырдым.
— 27 гана жыл жашап, бирок эл оозуна алынып, аты легендага айланган Таалай Бектурганов бир топ ырларды жаратып кеткен. Ошол таланттын стилинде да ырдаган ырларыңыз барбы?
— Ооба, сүйүү темасында бар. Бирок сөздөрүн толук бүтө элекмин.
— Таалай Бектургановдун сиз билген 5 жакшы сапаты?
— Бала кыял, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, суучул анан сөзүнө бек турган инсан болчу.
— «Таалай элеси» тобун талашкандар да болду беле?
— Болот да. Баягыл “душманыңа карап, түздөнөсүң” дегендей алар дагы керек, негизи. Ошолорду көрүп иштейсиң. Бирок мен өчөшпөйм. Аларга болгону жакшылык гана каалайм, жакшы сөздөрүмдү арнайм.
— Маегиңизге чоң рахмат, келип кызыктуу аңгеме-дүкөн куруп бергенинизге ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым чыгармачылык ийгиликтер коштоп жүрсүн!