Биз менен байланышыңыз

Азаттыктын биринчи иликтөөсүнөн кийин Саймаитини коркутушкан

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 2091 | 0

«Азаттык» радиосунун буга чейинки «Миллиондордун изи» аталышындагы иликтөөсүндөгү документтерди маркум ишкер Айеркен Саймаити өзү бергенин билдиришти. Бул иликтөөдөн кийин Айеркен Саймаитиге телефон чалуу болуп, аны коркутушканын айтып берген.

Саймаити: «Эгер сен документти берсең, сен мунун [иликтөөнүн] экинчи сериясынын да документин чыгарсаң… Сени өлтүрөбүз«, — деген сөздөр болгонун айтып берет.

Саймаитинин айтымында, телефон чалган адам Кыргызстандагы кылмыштуу топтун өкүлү болгон жана ал кооптуу документтер тууралуу сөз кылган. Саймаити журналисттерге документтерди бербегенин айткан. Ошондой эле коркутууга карабастан, журналисттер менен байланышын токтоткон эмес.

«Азаттык» радиосунун алгачкы иликтөөсүндө колдонулган Саймаити берген айрым документтер 2016-2017-жылдары которулган 2,4 миллион доллар акчанын булагы жана максаты тууралуу суроолорду жараткан.

Саймаитинин аялы жөнөткөн эки банк кагазынын ар биринде «Исмаил Матраимов» атындагы кайрымдуулук фондуна 100 миң АКШ доллары (жалпы 200 миң АКШ доллары) жөнөтүлгөнү ырасталган.

Калган 2,2 миллион доллар да ушул фондго которулганын күбөлөгөн банктык кагаздар журналисттерге электрондук түрдө салынган.

Иликтөөдө Кыргызстандын бажы тармагындагы мурдагы чоңдордун катышы жана көмүскө жүк ташуу системасынан бажы кызматына олчойгон пара акча агылып турганы көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM