Биз менен байланышыңыз

Көчмө клиника ВИЧке каршы тестирлөө өткөрүп жатат

Ден соолук | 21 Ноя 2019 | 767 | 0

СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкектин чоң базарларында ВИЧке каршы текстирлөө өткөрүлүп жатат. Учурда бул илдет менен ооругандардын 25 жаштан 49 жашка чейинкилердин арасында көп экендиги айтылды. Быйыл 8 айдын ичинде 9 миңден ашуун кыргызстандык ВИЧ оорусу менен ооругандыгы катталган. Буга чейин чет элдик донорлордун жардамы менен дары-дармек алынып келген, акыркы төрт жылда мамлекеттен каражат бөлүндү.

Бишкектин бир топ ири базарларында ВИЧ инфекциясына каршы текшерүү жүрүп жатат. Ага келип тестирлөөдөн өткөн шаар тургуну Азиз Расулбеков жыл сайын бир жолу текшерилип турат.

-Дарыгерлердин айтуусу боюнча 1 жылда 1 жолу текшерилип туруу керек экен.Биз үй-бүлөбүз менен жыл сайын текшреүүдөн өтүп турабыз. Акция өткөргөнү жакшы, жолдон өтүп баратып эле, көрүп калып, тестирлөөдөн өттүм. 

Республикалык СПИД борборунун дарыгери Мухтар Атикеев мобилдүү клиникада тестирлөө жүргүзөт. Бир күндө орто эсеп менен 60тан ашуун жаран келип текшерилет. Эгер жарандын ВИЧке кабылганы аныкталса, кеңеш берип, акысыз дарыланат.

-Мобилдүү клиника унаалар менен чыгып, базарларда тестирлөө жүргүзүп жататбыз. Күнүнө орточо эсеп менен 60дан ашуун жарандарды кабыл алып жатабыз. Мурда элди клиникаларда кабыл алганыбыз үчүн аз сандагы эле жарандар келчү.

Кыргызстанда расмий түрдө ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны 9516 ге жетти. Бул илдет менен күрөшүүдө Глобалдык фонд финансылык колдоо көрсөтүп, дары-дармек жана керектүү каражат гранттык негизде берилип келет. Ал эми  быйыл мамлекет 60 миллион сом бөлдү.

Республикалык “СПИД” борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов 2020-жылдын соңуна чейин элдин 90%ын тестирлөөдөн өткөрө турганын айтты. Ага атайын 4 мобилдик клиника алып келинген. Өзгөчө тоолуу аймактарга барып тестирлөө өткөрүү үчүн да мобилдик унаалар алып келинет.

Буга чейин чет элдик донорлордун колдоосу менен дары-дармек жана керектүү каражаттар камсыздалып келген. Бирок акыркы 4 жылда мамлекет дагы  атайын каражат бөлүп, дарыларды сатып алып жатат. Жыл соңуна чейин 90% элди тестирлөөдөн өткөрөбүз, ВИЧ менен ооругандарды дарылайбыз. Орусиядан келишимдин негизинде 4 мобилдик клиника келген. Мобилдик унаалар атайын тоолук аймактарга жана алыскы региондорго, тест алуу үчүн жылына бир жолу барып турушат.

Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча эксперт Айбар Султангазиев бул илдетке мурда баңгизат колдонгондор чалдыкса, азыр жөнөкөй адамдар да ВИЧ оорусуна кабылып жатат. Бирок ооругандардын санынын азайганы байкалбаганын билдирди.

-Мурун ВИЧ, СПИД илдетине чалдыккандар көбүнчө бангизатты колдонгондор болчу. Акыркы убакта жөнөкөй жарандардын ичинен чыгып жатат. Мисалы, май айында өткөң тестирлөөдөн бир күндө 5 жарандын ВИЧ оорусу менен ооругандыгы аныкталган.  Учурда ВИЧке чалдыккандардын саны азайган жок десек болот.  Ошол себептен түшүндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Элди контрацептивдерди колдонууга чакырып, медициналык куралдардын тазалыгына маани беришине үндөшүбүз керек. Ар бир жаран өз ден-соолугу үчун, жылына бир жолу, текшерүүдөн өткөнү жакшы.

Эскерте кетсек, ВИЧ — Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы — СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат.

Бүгүнкү күнү ВИЧ илдетин жугузуп алган балдар айына төрт миң сомдон жөлөкпул алышат. Буга чейин 18 жаштан кийин да төлөөнү улантуу маселеси парламентте каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM