Биз менен байланышыңыз

Сазбаков: «ЕАЭБ кеңеши унаа бажысы боюнча өтүнүчтү колдогон жок»

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 1185 | 0

Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын унаа бажысы боюнча өтүнүчүн колдогон жок. Бул тууралуу Кыргызстандын ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков билдирди:

-Кыргыз Республикасында унааларды жеңил тариф менен ташып келүүгө убакытты узартуу маселеси каралып чыкты. Тилекке каршы, муну Евразиялык экономикалык биримдиктин кеңеши колдогон жок. Бул эмнени билдирет? Эми 2020-жылдан тарта жалпы Евразиялык тариф күчүнө кирет.

19-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өткөн. Анда кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнгөн.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ЕАЭБтен тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Copyright © 2017 Maral FM