Биз менен байланышыңыз

Разаков: «Чек арадагы талаш жерлер качан такталары белгисиз»

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 733 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлерди тактоо качан аягына чыгары так айта албай турган маселе. Эки тарапка тең ыңгайлуу шарттарды белгилеп, кол койгондо гана бүтөт. Бул тууралуу вице-премьер министр Жеңиш Разаков “Марал” радиосунун түз эфиринде билдирди.

Ал 2019-жылдын 16-сентябрында болгон куралдуу кагылышуу иликтенип жатканын айтып, бул окуяда кызматташууга коңшу тараптын кызыкчылыгы болбой жатканын белгиледи. Ошондуктан Разаков кыргыз тарапта мындай учурда колдоно турчу рычагдар бар экени тууралуу мындай деди:

-Бизде мындай рычагдар бар. Аны биз тийиштүү кырдаал түзүлүп калганда колдонобуз. 2014-жылы мындай рычагдардын бирин колдонгонбуз. Негизи, мындай болушун каалабайбыз. Быйыл болгон куралдуу кагылыш иликтенип жатат. Негизи, чек араларды тактоодо эң башкы маселе укуктук негиздерди аныктоо болуп эсептелет. Бул жерде тажик тарап менен кыргыз тараптын пикир келишипестиги бар экени айтылып эле келет. Анткени тажик тарап менен кыргыз тарап эки башка убакыттагы документтерге таянып жатабыз.

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Максат айылында эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминов Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара пунктунда кызмат өтөгөн. Ал 16-сентябрдагы ок атышууда каза таап, артында жубайы, үч баласы жана карыган апасы калган.

Маалыматтар боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек.

Copyright © 2017 Maral FM