Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги телеканалдарга карата лицензиялык көзөмөл жүргүзүүдө

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 410 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мыйзам бузуп жаткан телеканалдарга карата лицензиялык көзөмөл жүргүзүп, 57 эскертүү берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти санариптик телеберүү пакетиндеги телеканалдардын ачык сигналдарын үзгүлтүксүз жаздырып алуу жана эсептөө жүргүзүүнү уюштуруу жолу менен телеканалдардын мониторингин жүргүздү. Текшерүү таңкы саат 07:00 дөн тарта түнкү саат 00:00 гө чейинки 1 күндүк эфирге жасалат.

Текшерүүнү жыйынтыгында жалпысынан 57 эскертүү берилди:

-2019-жылдын 21-январындагы телеберүү эфирлеринин биринчи пландан тышкаркы мониторингинин жүрүшүндө 40 телеканал текшерилип, 32 телеканалга эскертүү берилген;

-2019-жылдын 15-июлундагы телеберүү эфирлеринин экинчи пландан тышкаркы мониторингинин жүрүшүндө 43 телеканал текшерилип, 25 телеканалга эскертүү берилген.

Бүгүнкү күндө телеканалдардын телеберүү эфирлеринин кезектеги мониторинги жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, телерадио уюмдарга телеканалдардын эфирлеринде тасма продукциясын өлкө аймагында көрсөтүү укугун берүүчү документтерди берүү тууралуу суроо-талап каттары жиберилди.

Бардык материалдар Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жөнөтүлдү.

Департамент «Бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык, 4-категориядагы айыппул салуу жараянын баштоого укугу бар. Айыппул Юридикалык жактарга салынуучу айыппулдун өлчөмү — 23 миң сом.

Бүгүнкү күндө Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан колдонулуучу технологияларга карабастан, аналогдук берүүдө жана берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга 765 уруксат кагазын берди. Алардын ичинен 132си (92 телеканал, 40 радиоканал) телерадио уюмдарга жана 633ү (7) телерадиоберүү операторлоруна берилген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жер үстүндөгү санариптик берүүдө 55 (элүү беш) телерадио уюм көрсөтүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM