Биз менен байланышыңыз

Консул Орусбаев Гонконгдогу кыргыз студенттери менен жолугушууда

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 445 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы консулу Искендер Орусбаев Гонконгдогу балдар лагеринде убактылуу турган кыргыз студенттери менен жолугушту. Ал жерде 6 студент бар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, алардын коопсуздугу камсыздалган.

Гонконгдон кыргызстандыктарды мекенине жиберүүгө жардам берүү аракеттери улантылат. Бүгүн консул дагы 20 студент менен жолугушат.

Элчилик туристтик компаниялар менен студенттер үчүн кечиктирип төлөө шартында авиа билеттерди алууну макулдашкан.

Белгилей кетсек, Гонконгдо бир канча айдан бери элдик толкундоолор токтобой келет. Алар адегенде экстрадиция мыйзамына өзгөртүү киргизилишине нааразычылык билдирип чыгышкан.

Бийлик бул маселени жөнгө салганына карабастан, акциячылар башаламандыктарды улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM