Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 1831 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты. Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Совет районунун Кара-Кулжа айылында туулган.

Эмгек жолун 1976-77-жылдары Өзгөн районунун Ленин мектебинде орус тили жана орус адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Коммунисттик партиянын райондук, облустук бир катар кызматтарында эмгектенген.

1995-жылы I чакылыштагы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган. Кийинчерээк айыл чарба министри, Ош облусунун губернатору кызматтарын аркалаган.

2016-жылы премьер-министрлик кызматка дайындалган.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.

Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун туулган күнүнө карата көптөгөн мамлекеттердин президенттери куттуктап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM