Биз менен байланышыңыз

Талас менен Баткенге суу жеткирүүгө 20 млн доллар бөлүнөт

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 653 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыз кылуу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду.

Ислам өнүктүрүү банкы Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар жеӊилдетилген насыя берет. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    15.11.2019 18:29

    Кыргызстанда аккан дарыялардан, жер астыдагы сууларды туура пайдаланды уйронушубуз керек, айыл эмес, шаарда суу жок. Мен Кызыл кыя шаарында 15 мкр жагайын, уч кундо бир суу сапаты менен келет бардык уйлордо суу сактагыч хауз бар. Эки уч жыл мурун чуу такыр чыкпай калып 15 туп, 15 жылдык черешня кургап калды, меники эле эмес копчулуктуку, суу маселеси 14,15 мкр ото орчундуу маселе. Ичкенге суу сурап калган убакта болгон.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM