Биз менен байланышыңыз

Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 639 | 0

Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болгон Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Ага Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү кирди.

Мекемелер аралык жумушчу топ Стамбул шаарына барып, Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерет.

Тышкы иштер министрлиги Эркин Сопоков бул кызматка 2017-жылдын 17-апрелинде келгенин, бул жылдар аралыгында кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу жаза берилгенин кабарлаган.

Эркин Сопоков жана анын айдоочусу бир нече ирет жол эрежелерин жана унааны колдонуу эрежелерин бузган. Буга байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, айдоочусу жумуштан алынган.

Башкы прокуратура тарабынан Сопоковдун 2017-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы аныкталган.

«Кыргызстандын дипломатиялык кызматы жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыгы үчүн Эркин Сопоков президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, кызматынан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM