Биз менен байланышыңыз

Атамбаев камалган тарапташтарын бошотууну талап кылды

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 722 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалган бардык тарапташтарын бошотууну талап кылды. Ал 7-августта күч кызматкерлеринин анын үйүнө кирип баруусун мыйзамсыз деп эсептейт.

Атамбаевдин пикиринде, кармалган тарапташтарынын эч күнөөсү жок экенин азыркы бийлик да билет.

-Бардыгына өзүм жооп берүүгө даярмын7-8-августтагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалгандардын баары бошотулушу керек. Алар адилеттүүлүккө, өлкөнүн Конституциясына ишенгени үчүн гана күнөөлүү, — дейт Атамбаев.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармашкан. Соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ошондой эле, Кой-Таш окуясына байланыштуу Атамбаевдин бир топ тарапташтары да камалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM