Биз менен байланышыңыз

2020-жылдан тарта 30 жашка чейинки диабет менен ооругандарга аналогдук инсулин колдонулат

Ден соолук | 12 Ноя 2019 | 768 | 0

14-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк кант диабет күнүнө карата республика боюнча кант диабетинин алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бүгүн Бишкекте бул темада талкуу болуп, кант диабетинин алдын алуу тууралуу пилоттук негизде борбордун 4 мектебинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү айтылды. Кыргызстанда 60 миңден ашуун жаран кант диабети илдети менен ооруйт.

Буга чейин кант диабетинин биринчи түрүнө чалдыккан бейтаптар үчүн инсулиндин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Өкмөт кант диабети менен ооруган бейтаптарды дары менен толук камсыз кылуу үчүн саламаттыкты сактоо министрлигинин базасында атайын жумушчу  топту түзүүнү тапшырган. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-жылдан тарта 30 жашка чейинки диабет менен ооругандарга аналогдук инсулин колдонуларын билдирди. Министрдин орун басары Эркин Чечейбаевдын айтымында, буга чейин 18 жашка чейинкилер гана  инсулин колдонушкан:

-Диабет менен ооругандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Бейтаптар инсулинге муктаж болуп жатат. Ошондуктан,  быйыл жаңы токтомго ылайык, 122 млн сомго инсулин сатып алынды. Мурда 18 жашка чейинки диабет оорусу менен ооругандар инсулин алууга мүмкүнчүлүгү болсо, эми 2020-жылдан баштап, 30 жашка чейинки бейтаптар да инсулин ала алышат. 

Инсулиндин жеткиликтүүлүгүн жана майыптуулук тобун аныктоо механизмдерин жакшыртуу иштери аткарылып жатат. Ошондой эле, кант диабети менен ооруган жаш балдарга мектепте атайын шарт түзүлөрүн  Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева айтты. Ал 2020-жылдан тарта  кант диабети менен ооруган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көмөк көрсөтүү үчүн жеке ассистент кызматы киргизилип жатканын кошумчалады:

-Кант диабети илдетинин алдын алуу үчүн мектептерден баштап жатабыз. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчун шарт түзүүнү да карап жатабыз. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да лагерлерге барып, процедура алышы керек. Жаңы жылдан тарта ата-энелерине жардам кылуу максатында социалдык ассистент кызматы ишке кирүүдө. 

Адистердин айтымында, кант диабетинин эки түрү болот. Алар: 1-2-типтеги ооруулар. 1-типтеги кант диабети 40 жашка чейин же бала куракта башталат. Ошондой эле, физикалык кыймылдын жоктугунан жана таттуу газдалган суусундуктардан, тез татым тамактардан улам кант диабет оорусу пайда болот. Кант диабетин өз убагында дарылабаса, инфаркт, инсульт, сокурдук, бөйрөк кемтиги, ашказан жарасы сыяктуу ооруларга алып келет. «Диабетсиз балалык» уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева оорунун алдын алуунун  жолдорун түшүндүрдү:

-Биз диабет ооруларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Быйыл мамлекеттик органдар менен биргеликте бала -бакчадан тарта кант диабет оорусу тууралуу маалымат берип, алдын алуу үчүн бала-бакча, мектептерге шарттатрды түзүү пландалууда. Ошондуктан, пилоттук түрдө борбор шаардын 4 мектебинде иш жүргүзуп көрөбүз. Эгер жакшы жыйынтык берсе, республика боюнча ишке ашырабыз.

Айта кетсек, дүйнөдө  кант диабети менен ооругандардын саны 400 млн го чейин жетет. Ал эми  Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 60 миңден ашат.

Кыргызстанда 2006-жылы Кант диабети жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM