Биз менен байланышыңыз

JIA Ошто «Дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн» белгилейт

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 1054 | 0

JIA Бизнес-ассоциациясы 14-15-16-ноябрь күндөрү Ош облусунда “Ишкер айымдар кербенин” өткөрөт.  Бул тууралуу аталган ассоциациянын Оштогу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган долбоор 14-ноябрда Чоң-Алай районунда башталып, 15-ноябрда Алай районунда, ал эми 16-ноябрь күнү Ош шаарындагы “Классик” мейманканасында ишкер айымдардын катышуусундагы бизнес-форум менен жыйынтыкталат.

“Ишкер айымдар кербени “19-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнү” жана “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына» карата уюштурлуп, ишкер айымдарды шыктандыруу менен бирге экономиканын өнүгүүсүнө кошкон  салымдарын белгилөөнү көздөйт. Долбоордун алкагында Кыргызстандагы алдыңкы ишкер айымдар, IT тармагындагы ийгиликтүү ишкерлер бизнестеги кыйынчылыктар жана ийгиликтер, бизнес жүргүзүүнүн сырлары боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Ишкер айымдар форуму бул жылы Ош шаарында III ирет уюштурулуп, иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас  облустарынан жана борбор калаа — Бишкектен да ишкерлер келип катышмакчы.

Бизнес-форумга бардык ишкер айымдар жана ишкерликке кызыккан айымдар катыша алат. Кошумча суроолор боюнча: 0776 376 744 номерине кайрылсаңыздар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM