Биз менен байланышыңыз

Журналисттер таасир эткен окуялар

Коом | 7 Ноя 2019 | 148 | 0

Өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленет. Бул күнгө карата биз журналисттердин мамлекеттин өнүгүшүнө, коомдук пикирдин жаралышына жана кандайдыр бир мамлекеттик чечимдерге тийгизген таасири канчалык болду деген жагдайга токтолдук.

Чүй облусун жетектеген Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке берген жообу. Чиновниктин мындай орой мамилесинен кийин нааразылык жаралып, коомчулук анын иштен кетишин талап кылган. Өкмөттүн буйругу менен аткаминер иштен алынган. Бул окуя журналисттердин мамлекеттик чечимдерге тийгизген таасири катары кабыл алынды.

Ошондой эле, жакында орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун кыргыздарды кемсинткен сөзү да социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып, анын кечирим суроосун талап кылышып, Малахов акыр аягында кыргыз элинен кечирим сураган.

Эксперттердин пикиринде, журналист коомчулукту дүрбөлөңгө салып, маселенин экинчи тарабын же болбосо алардын чыныгы жүзүн ачат. Медиа-эксперт Марат Токоев маркум журналист Улан Эгизбаевдин жемкорлор тууралуу жасаган иликтөөлөрү резонанс жаратып, бийлик реакция кылып, азыркыга чейин талкууда экенин айтат.

-Элге керек болгон маалыматты жеткирип туруу журналисттердин парзы десек болот. Бул жылы дагы журналисттер өз күчүн көрсөтө алды. Журналистке доо арыздар түшкөн учурда алардын бириккени туура болду. Маркум журналист Улан Эгизбаевдин иликтөөлөрү өтө курч болгону, коомдо талкууга алынып, ал ишке тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмышкер, коррупционерлердин чыныгы жүзүн ачты десек болот.

Дагы бир мисал катары «Марал» радиосунун түз эфиринде депутат Кожобек Рыспаев айткан сөздөрү үчүн КСДП партиясынан чыгарылган.

Ошондой эле элге бийликтин кемчиликтери тууралуу ачык мисалдарды айтып жүргөн журналист Ыдырыс Ысаков “Салыктан качкан ишкерлер” атуу иликтөө жасап, андан кийин бул иш иликтенип жатат.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов кыргыз журналистикасы биргеликте иш алып барса, көп маселелер чечилет деген пикирде.

-Жаш журналисттер кээде ката кетириши мүмкүн, аларга кеңеш берип, жол көрсөтүп келебиз. Кыргыз журналистикасы былтыркыга салыштырмалуу өнүктү десек болот. Журналисттин иликтөөсүнөн улам көп иштер ачыкка чыгып, андан кийин маселе коомдук талкууга алынып, бийлик өкүлдөрүн дагы маселеге көнүл бурдурганы жакшы.

Сөз эркиндигин өркүндөтүү аракеттери көрүлүп жатканы менен журналисттердин өмүрүнө кол салган фактылар да арбын. Жарандык активист Нургазы Мусаев журналист ар тараптуу боло бербей, бир тармакты мыкты өздөштүрүшү керек деп эсептейт. Ал ааламдашуу заманында маалыматтык согуш күчкө ээ экенин айтып, журналисттердин орду тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

-Журналист бир багытты тандап алышы керек. Себеби маселени терең өздөштүрө албай калышы мүмкүн. Социалдык-экономикалык маселелерди үстүртөдөн каралып калбашы керек. Ошол эле учурда журналист замандын талабына жараша иштеши керек. 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов журналисттер коомдогу болгон окуяга ыкчам рекакция кылып, резонанс жаралган окуялар көп болуп жатканын айтты. Коомдук талкууга түшкөн маселени ар тараптан чечүүгө жана элдин аң-сезимин өзөртүүгө журналисттерден салымы чоң деп эсептейт.

-Интернет өнүккөн заманда журналисттер ыкчам маалыматтарды жеткирип жатышат. Акыркы убакта коомдук пикирди жаратып, сенсация болгон учурлар көп болду. Бирок журналист журналисттик этикаларды дагы эске алышы керек. Ооба, кээде журналистерге кысым болушу мүмкүн, бирок журналисттер сөз эркиндигин коргоп келе жатат. 

Бирок Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев коом саясатташып кеткендиктен, журналисттер да коомдогу социалдык маселелерди терең ачып бербей калды деп эсептейт.

-Кыргыз журналистикасы жакшы өнүгүү жолунда десек болот. Бирок журналисттер социалдык маселелерге терең иликтөө жүргүзбөй жатышат. Себеби элдин турмуштук көйгөйлөрү дагы деле чечеилбей келет. Мисалга алсак, турак-жай, айлык акы жана элди түйшүккө салган иш кагаздары жана башка бүдөмүк темалар бар.

Акыркы убакта маалымат каражаттарында бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып жатат. Себеби ал байлыгын кандай жол менен тапкандыгы бүдөмүк. Ал эми өлко башчы Сооронбай Жээнбеков фактылар болсо эле чара көрүлөт деп ишендирип келет.

Маалымат катары айтсак, кыргыз тилиндеги эң алгачкы “Эркин-Тоо” гезити 1924-жылы 7-ноябрда чыгарыла баштаган. Ошол күндөн тарта 7-ноябрда журналисттердин күнү белгиленүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM