Биз менен байланышыңыз

Мектеп программасына экологияны сактоо боюнча кошумча сабактар кирет

Коом | 5 Ноя 2019 | 872 | 0

Мектептерге экологияны сактоо жана туура  пайдалануу боюнча атайын сабактарды киргизүү пландалууда. Экологиялык көйгөйлөр жаратылыштык, антропогендик аварияларга, кыйроолорго алып келет. Окуучуларга глобалдуу экологиялык көйгөйлөрдү түшүндүрүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги БУУ менен биргеликте  билимди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорду пилоттук түрдө жүзөгө ашыруу максатында талкуу уюштурду.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн атайын ар тараптуу багыттагы темаларды иштеп чыгып, мектептерге экологиялык багыттагы сабактарды киргизүү иши жүрүп жатат. Мисалга алсак, климаттын өзгөрүүсү, биологиялык ар түрдүүлүк, озон катмарын сактоо боюнча темалар бар. Билим берүү жана илим министринин башкы адиси Жылдыз Дүйшенованын айтымында, алгач мугалимдерди окутуу керектигин айтты.

-Азыр республика боюнча  маалымат бердик. Мектептерге экологияны сактоо, аяр мамиле жасоо жана башка ар кандай багыттагы темаларды киргизүүгө аракет жасап жатабыз. Бул чогуу аткара турган долбоор, ошондуктан мектептер дагы активдүү катышып, өздөрү дагы кызыктар болушу керек. 

БУУнун билимди туруктуу өнүктүрүү программасынын жетекчиси Кумар Кылычов энергияны үнөмдөө боюнча сабактарды 1-класстан тарта пилоттук түрдө киргизип жатканын айтты. Жакшы жыйынтык берсе, республика боюнча министрлик менен биргеликте  ишке ашыра турганын билдирди.

-Экологияны сактоого жана энергияны сарамжалдуу пайдалануу тууралуу лагерлерде балдарга семинар өтөбүз. Ошондой эле ар түрдү багыттагы сынактарды жарыялап, балдарга мотивация беребиз. Жеңүүчүлөрдү чет өлкөгө лагерлерге жөнөтөбүз. Жакында эле Орусияга 5 бала барып келишти. Бишкектеги 2-3 мектепке иш жүзүндө сабактарды киргизип көрөбүз. Эгер жакшы жыйынтык берсе, өлкө боюнча министрлик менен биргеликте ишке ашырабыз.

Жыл сайын БУУ тарабынан балдар үчүн атайын лагерлер  уюштурулуп келет. Балдарга  энергияны туура пайдалануу тууралуу семинарларды өтүп, окуучулар арасында сынак жарыяланып, сынактан жеңгендер  эл аралык лагерлерге барышат.

№77 мектептин биология мугалими Нуржан Камалова экологияга кызыккан окуучулар көп экендигин, ушундай  долбоорлор жакшы жыйынтык берет деген пикирин билдирди.

-Окуу программасынан сырткары экологиялык маселелерди айтуу керек. Чындыгында экологияга кызыккан окуучулар көп. Иш жүзүндө өздөрү көрүп, жасап көрсө эффективдүү болот. Мен бул долбоорду колдоп келем, себеби, балдардын мектеп программасынан сырткары  дүйнөгө болгон көз карашы да өзгөрүшү керек. 

Эколог Динара Кутманова экологияга болгон мамилени  бала бакчадан тарта окутуп-үйрөтүү керек деп эсептейт. Анын пикиринде, акыркы жылдары  экологияга кайдыгер мамиле жасалууда. Экология адистигинде окугандар бар, бирок адистер үчүн шарттар каралышы керек дейт.

-Экология бул дүйнөлүк маселе, жашообуздагы эң орчундуу көйгөй. Ошондуктан бала бакчадан тарта балдарга түшүндүрүү керек. Ошол эле учурда окуу жайларда дагы бир дисциплинада окутулушу керек. Мисалы,  эколог адистер окуп жатат, бирок аларга шарт жок болгондуктан иштей албай жатат.  

Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова сырттан граннтар көп келе турганын айтып, бирок туура эмес пайдаланып жатат деген пикирде.

-Ар бир жаранга экологияны сактоого чакырып,  алдын алуу аракеттерин жасашыбыз керек. Бизге сырттан ар кандай долбоорлор, ошондой эле гранттар келет экен. Бирок ошол келген гранттарды туура пайдаланышыбыз керек. Дайыма көтөрүлүп келген маселелер иш-жүзүндө өз максатына жетпей жатат.  

Жыл сайын Бишкектин атмосферасына 240 миң тонна уулуу газ чыгат, анын 180 миңин автоунаадан чыккан уулуу заттар түзөт. Ал эми өнөр жайдан чыккан уулуу заттар болгону 10 пайызды эле түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM