Биз менен байланышыңыз

Салима Балтаева: «Студент мезгилде көчө шыпырып иштегем»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 5 Ноя 2019 | 1040 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Достор” тобунун солисткасы Салима Балтаева “Марал шоу” программасынын кадырлуу коногу болуп, кызыктуу маек куруп берди.

-Азыркы учурда тойлор абдан көп, жар-жарчы айым катары айтсаңыз, жар-жарды кимдер айтыш керек?

-Жашоонун ысык-суугун көрүп, үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгон аялзаты айтыш керек. Бирок азыр турмуш кура элек кыздар деле жар-жар айтып жатышат. Бул нерсе такыр болбойт дегенге кошулбайм. Себеби, ырымдарга көп ишене бербейм. Илгери жар-жар жок болгон. Азыр замандын талабына ылайык кылып, айтып калдык. Балким, 15 жылдан соң, башка нерсе жаралаттыр.

-Акыркы жаңылыгыңыз менен бөлүшсөңүз?

-Ыр жаздыруу, тойдо ырдоодон тышкары, күн сайын Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын  Академиялык эл аспаптар оркестринде солист болуп эмгектенем. Ал эми жайында “Алайым” аттуу клибимди тарттым. Андан сырткары Сүйүн Малабаев аттуу ырчы менен “Салима” деп аталган тамашалуу клип тарттык. Бул клиптеги образыма терс пикирин билдиргендер дагы болушту. Себеби, шок эженин ролун аткаргам.

-“Убакыт — улуу мугалим” деп коет, ушул улуу мугалимден кандай тарбия алдыңыз?

-Жашоодо ысык-суукту көргөн, канча жолу мүдүрүлгөн адамдардын катарына кирем. Эгер оюң түз болсо, үмүтүңдү үзбөсөң, өзүңө болгон ишеничиң жоголбосо, баары жакшы болот деп ойлойм.

-Максатыңызга жетүү үчүн дагы кандай тобокелчиликке бардыңыз эле?

-Студент мезгилде көчө шыпырып иштегенбиз. Ал жумушка жаштарды колдоп, жардамын аябаган Жыргал Момбекова эжекебиз алган, мэриянын макулдашуусу менен атайын форма да берилген эле. Ал кезде эрте мененки саат 4тө туруп алып сабак башталганча көчө шыпырып иштечүбүз.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM