Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы «Рух Ордого» Турдакун Усубалиевдин эстелиги коюлду

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 497 | 0

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» комплексине Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели коюлду.

Бүгүн эстеликтин ачылыш аземине коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты.

Турдакун Усубалиев тууралуу кыскача маалымат:

Ал 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген;

Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган;

2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик ишмердин айкели демөөрчүлөр тарабынан жасалып, 100 жылдык мааракесине карата тургузулду. Туурдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM