Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну тездетүүгө чакырды

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 945 | 0

Кыргыз тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашырууга активдүү киришет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкент шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында айтты.

Ал үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында уюмга мүчө бардык мамлекеттердин алдынкы бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өтөрүн кабарлады.

ШКУ алкагында руханий жана маданий алакага маани берүүгө, адамдык баалуулуктар, искусство жана спорт элди өнүктүрүүнүн эң маанилүү факторлору экендигин унутпоого чакырды.

«Биз бүгүн көп жактуу соода-экономикалык кызматташуу программасынын жаңы редакциясын бекитебиз. ШКУ алкагында оң натыйжалар менен бирге, чечилүүсү зарыл болгон бир катар маселелер бар. Мисалы, ШКУ Банкын түзүү жана Фондун өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык тармактагы биргелешкен долбоорлор боюнча иштерди активдештирүү керек. Эсептөөлөрдүн улуттук валюталарга өтүүсүн камсыз кылуу зарыл, бул дүйнөлүк каржылык тартыштыктарда тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзмөк» – дейт Абылгазиев.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кытай менен чектеш аймагында Соода-логистикалык борборду курууну сунуштады. Анын пикиринде, бул долбоор ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймактар аралык кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасы заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө ШКУнун экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органын түзүү демилгесин көтөрдү.

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышкан саммит Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM