АКШ Президент Дональд Трамп Америкага качкындардын келүүсүнө чек койду. Бул тууралуу РИА Нововсти жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, АКШ 2020-жылдан тарта 18 миңден кем эмес качкынды гана кабыл алат.
2018 -жылы АКШда качкындардын саны 110 миңге жеткен. Ал эми 2019-жылы алардын саны 2 эсеге кыскарган.
Айта кетсек, буга чейин да Трамп имиграцияга чек коюп келген. Трамп имиграциянын өсүшү менен АКШ дүйнөлүк лидер деген статусун жоготот деп эсептейт.