Биз менен байланышыңыз

2- ноябрь маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 696 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрь — маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын маалымтаты боюнча  КР Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында майрамга карата “Жаңы ысымдар” аталышында гала концерт өтмөкчү.

«Филармониянын фойесинде жаш сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, жаш кол өнөрчүлөрдүн, жаш акын — жазуучулардын көргөзмөсү орун алып, жалпы маданият тармагы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында жаш актёр — актрисалардын катышуусу менен театрлаштырылган пролог коюулат», — деп билдиришти министрликтен.

Иш-чаранын программасы:

Саат 10:00 – кызыл килемден өтүү,

Саат 10:30 – жаш кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү,

Саат 11:00 – майрамдык салтанат башталат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде  11 508 кызматкер эмгектенет. Алар филармония, цирк, консерватория, китепканалар, музейлер, театрлар, музыкалык окуу жайлар, облустук телерадиокомпаниялар, облустук жана райондук гезит редакциялары, кинодирекциялар жана башка мекемелер болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM