Биз менен байланышыңыз

Президенттен Матраимов тууралуу сурагысы келгендер көп

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 720 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 2-ноябрда массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушат. Анда алдын ала маалыматтар боюнча, сүйлөшүү суроо-жооп иретинде, ачык-айкын болору айтылууда.

Буга байланыштуу 24.kg маалымат агенттиги сурамжылоо жүргүзүп, президентке ким кайсы суроону бергиси келерин аныктап көргөн.

Сурамжылоого добуш бергендердин 40 пайызы, тагыраагы 452 добушту Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө сурагысы келгендер берген. Алар массалык маалымат каражаттарында айтылган фактыларга реакция болбой жатканын сурагысы келген жарандар.

Мындан тышкары, агенттик экономикалык ири долбоорлордун качан ишке ашары тууралуу, күч, сот органдарындагы реформанын болбой жатканы жөнүндө, коррупцияга каршы күрөш, сөз эркиндиги, Апрель каналынын жабылышы боюнча суроолор бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM