Биз менен байланышыңыз

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы салтанатуу белгиленди

Коом | 2 Ноя 2019 | 1109 | 0

Бүгүн кыргыз милициясынын 95 жылдыгы салтанатуу белгиленди. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мыкты кызматкерге жана ардагерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ошол эле учурда милициянын кемчиликтери тууралуу айтып, элдин милицияга ишенимин кайтарууну тапшырды. Ички иштер министрлигинин жетекчилиген кадрлардын сапатын жакшыртууну тапшырды.

Милициядан жардам таба албай, түздөн-түз өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болгон ишкерлер бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанатта президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Ал бизнести коргоо, ишкерлерди колдоо укук коргоо органдарынын милдети экенин белгилейт. Ошондой эле милицияны уюшкан кылмыштуулукту жоюуга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Анын пикиринде ишкерлердин коопсуздугу камсыз кылынбаса экономиканын  өнүгүүсү, милициянын айлыгы көбөймөк эмес.

Алдыга коюлган милдеттердин эң негизгиси — элдин тынч жашоосун камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу. Азыркы учурдагы кырдаал — ички иштер органдарын реформалоону аягына чыгарууну жана милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууну талап кылат. Сиздердин уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш жүргүзүп жатканыңарга карабай, бул коркунуч азайбай жатат. Ошондуктан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү системалуу жана туруктуу жүргүзгүлө. Криминалитетти ооздуктоо, уюшкан кылмыштуулукту жоюу -силердин ишиңердин эң артыкчылыктуу багыты болушу керек. Наркотрафикке каршы күрөш боюнча биздин өз жарандарыбыздын гана эмес, коопсуздук боюнча чогуу аракеттенген өнөктөш өлкөлөрүбүздүн алдында да милдеттерибиз бар. Реформанын алкагында тиешелүү кызмат Министрликтин курамына кирген. Бул өзгөрүүлөргө карата коомдун ишеними жана талабы жогору болгон. Ошондуктан наркотрафикке каршы күрөштү отчет үчүн эмес, реалдуу натыйжага жетиш максатында күчөткүлө». 

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине кызматтык милдетин үзүрлүү аткаргандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлыкка ээ болгондордун бири 28 жылдан бери милиция болуп эмгектенген “Шумкар” атайын багыттагы полкунун №=3 боталенунун командири Камчыбек Зикиров. Ал милицияга жасалган шарттар тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

-Мен окуу жайды аяктап элк кесибим менен иштеп калдым. Мен ойлойм ар бир кызматкер өз милдетин так аткарышы керек. Себеби мамлекет кызматкерлерге шарттарды түзп жатат. Мисалга алсак, транспорт жана керектүү каражаттар менен камсыз кылып турат. 

Ичи киштер министрлигинде жүрүп жаткан реформалар кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, билим деңгээлине, дене тарбиялык даярдыгына, жаңы талаптарды коет. Ички иштер министрлигине кадрлардын сапатын кескин жакшыртуу талабы коюлуп келет.

Милициянын милдетин татыктуу аткарууга аракет кылып иштеп келген Жалал-Абад облустук Жашы жетелектер инспекциясынын инспектору Кыял Абдыкапарова, окуучу кезинен милиция болууну кыялданган. Ал бүгүн эмгеги бааланып, сыйлыкка ээ болгонуна кубанып турат.

-Ар кайсы тармакта иштеп көрдүм. Бирок өз кесибимди сүйгөндүгүм үчүн, кыйынчылыктарга карабастан иштеп келе жатам.  Баары чет өлкгө кетип калса, өлкөдө ким калат деп көп ойлоном. Өзүм да эне болгонум үчүн балдар менен иштешүү мен үчүн оңой. Кээде балдар менен иштешүүдө,  ар кандай окуялардан улам кээде ыйлаган күндөр болот. Акыркы убактарда өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу, былтыркы жылдарга караганда  бир топ кыскарды. 

Президенттин жарлыгы менен бир катар милиция кызматкерлери “Даңк” медалы менен сыйланды. Алардын бири  Баткен облусунун Көк -Таш айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери Идирис Масадыков. Ал быйыл өзгөчө чек арада чыр-чатактар көп болгонун айтып, өз убагында тийиштүү чараларды көрүүгө аракет кылган.

-Ак-Сай айылы чек арада болгондуктан, чыр-чатактар болуп келет. Өзгөчө быйыл  бул жагдай өтө курч  болду. Жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлери менен биргеликте маселени чечүүдө тийиштүү чараларды көрдүк. Ошондой эле элди сабырдуулукка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. 

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланды. Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Ал бир нече күн комада жатып, эки жолу операция жасалган. Андан кийин Москва шаарында дарылануусун улантууда.

Ал эми Бишкек шаарынын кайгуул күзөтүү бөлүмүнүн полкунун командринин орун басары  Насыржан Эсенгулов, азыркы убакта өспүрүмдөр менен иштөө оор  экенин айтат. Бирок кыйынчылыктарга карабастан, кесибин биринчи орунга коюп, эмгектенип келет.

-Мурдагы жылдарга караганда азыр өспүрумдөр менен иштешүү оор. Биз ошого жарашы, кылмыштуулукту алдын алуу максатында жаңыча ыкма менен иштегенге аракет кылып жатабыз. Жакында эле патрульдук милиция ишке кире баштады. 

Кыргыз милициясынын калыптанышына зор салымын кошкон ардагерлердин ысымдары алтын тамгалар менен жазлып калганын өлкө башчы белгиледи. Алар Эргеш Алиев, Афанасий Пчёлкин, Николай Москов, Жапар Шабиров, Владимир Ушаков.

Кошумчалай кетсек, ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн өлкөнүн  бардык аймактарында көп кабаттуу турак-жайлар  курулуп жатат. 2020-жылдын 1-январынан тарта жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, өзгөчө жаш милиция кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөт.

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM