Биз менен байланышыңыз

«Унаамды сүзүп, кийин жолдошу менен келип сабап кетишти» (видео)

Коом | 30 Окт 2019 | 1162 | 0

Бишкек шаарынын тургуну Каныкей Жумабаева өз үйүнөн сабалып, анын айынан курсактагы баласын жоготконун айтып, бүгүн редакцияга кайрылды.  Анын айтуусу боюнча 22-октябрь күнү токтоп турган унаасын айдоочу аял машинеси менен чийип өткөн. Ал унааны эртеси күнү  оңдотуп берүүнү убада кылып, жеке документтерин жана уюлдук телефонун калтырган. Эки тарап кечинде жолугуп сүйлөшүүнү чечишет. Кечинде унаасын чийип алган аял жолдошу менен барып, кош бойлуу аялды токмоктоп кетишет. Эки тарап тең Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы милиция бөлүмүнө арыз жазышкан.

Жабырлануучу Каныкей Жумабаева “Марал” радиосуна кайрылып, сабалгандан кийин боюнан козголуп, төрөлө элек баласы чарчап калганын айтып берди.

-Мен унаа токтоочу жайда тургам, унаа айдаган жаш кыз менин машинеме тийгизип айдап чыкты.  Унааны оңдотуп же акчасын бер дегем, бирок ал кечинде жолдошум берет деп, жеке документтерин таштап кеткен. Кечинде жолдошу, анын досу болуп келишти. Кыз колумдан телефонду жулуп алып, качып кетти, ал эми жолдошу досу менен мени сабай баштады. Милиция чакырганбыз, бирок эч ким келген жок. Ошол күнү арыз жаздым, тергөөчү 10 күндөн кийин чакырабыз деп айткан.  

Ал эми бул маселе боюнча экинчи тараптын да пикирин угуп көрдүк. Атын атагысы келбеген жарандын айтуусунда жабырлануучу унаасын оңдотуудан баш тарткан. Мындан улам алар да милицияга арыз жазганын билдирди.

-Эженин унаасын оңдотуп берүүнү сунуштагам, бирок ал акчасын талап кылды. Кечинде сүйлөшүү үчүн үйүнө бардык. Бирок ал мени жулкулдатып, сөзүмдү да уккан жок. Андан соң, биз дагы арыз жаздык. 

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын  басма сөз кызматынын кенже тескөөчүсү Сайкал Садыбакасованын берген маалыматы боюнча, сабаган жаран  уруп сабоо-фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

 -Эки тарап тең арыз менен кайрылган. Окуя уруп-сабоо фактысы катары катталып, азыр тергөөчү окуяны  териштирип  жатат. Иликтөөдөн кийин эки тарап суракка чакырылат. 

Айта кетсек, окуя 22-октябрь күнү 12:30 чамасында Кызыл-Аскер конушунда болгон. Ал эми 4-октябрда эки тарапты тергөөчү суракка чакырары белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM