Биз менен байланышыңыз

Депутат Шайназаров тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүүнү сунуштады

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 464 | 0

Соттук укуктук реформанын алкагында тергөөчүлөрдүн иши көбөйүп, сапатына көңүл бурулбай калды. Буга байланыштуу тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров парламент жыйынында билдирди.

Анын маалыматында, быйыл Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү жүргүзгөн тергөө иштери 3 эсеге өстү. ИИМдеги тергөө бөлүмүндө Бишкек шаары боюнча ар бир тергөөчүгө бир айда 141 кылмыш ишин кароо туура келет. Ал эми 46 алгачкы текшерүүчүлөрдүн (дознаватель) ар бири 389 жоруктар жөнүндө ишти карайт. Депутаттын пикиринде бул аларга оорчулук жаратат.

Быйыл 6 айда Бишкек шаардык ИИББнын өндүрүшүндө 22 миңге жакын кылмыш иши катталган. Бирок бул кылмыш иштеринин 5 пайызы гана сотко өткөн. Былтыр бул көрсөткүч 26 пайызды түзгөн.

Финансы полициясынын өндүрүшүндө да быйыл 4463 кылмыш иши бар. Былтыр 1781 иш болгон.

2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер иштей баштады. Бул кодекстердин негизинде укук коргоо органдары кандай иш аракет көрүп жатканын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров айтып берди. Депутат укук коргоо органдарынан маалымат топтоп, тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндөгү кылмыш иштерине көңүл бурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM