Биз менен байланышыңыз

ЖК комитетинде бюджеттин аткарылышы тууралуу маселе каралат

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 437 | 0

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети республикалык бюджеттин 2018-жылдагы аткарылышы жөнүндө маселе карайт. Жыйынга Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева, Экономика министри Санжар Муканбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов жана башка өкмөт мүчөлөрү катышат.

Бүгүнкү жыйында мындан тышкары, Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселелер каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM