Биз менен байланышыңыз

Президент социалдык коргоо жана кесиптик бирликтердин кызматкерлерин куттуктады

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 593 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал калкты социалдык коргоону ишенимдүү деңгээлге чыгаруу — узак мөөнөттүү артыкчылыктуу багыт экенин айтат.

Кесиптик бирликтер — мамлекеттин жооптуу өнөктөшү, өлкөнүн экономикалык турмушуна жана эмгек чөйрөсүнө жигердүү таасир тийгизген жаратман күч экенин белгилейт.

Адамга жылуу мамиле кылып, анын түйшүгүн бөлүшүп, көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүп, Сиздер коомдо кадыр-барк таптыңыздар. Адамдын потенциалын өнүктүрүүдө жана бакубаттуулугун камсыз кылууда мамлекетке көрсөткөн көмөгүңүздөр абдан чоң мааниге ээ. Калкты социалдык коргоону ишенимдүү жана сапаттуу деңгээлге чыгаруу — узак мөөнөттүү артыкчылыктуу багытыбыз болуп эсептелет. Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карыларга кам көрүү — коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз болуп кала берет. Социалдык коргоо системасынын кызматкерлери талыкпай эмгектенип, өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошот деп ишенем.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM