Биз менен байланышыңыз

Экологияны коргоо долбоорлорун тандоо боюнча Сынак комиссиясы түзүлдү

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 682 | 0

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо үчүн долбоорлорду жана программаларды тандоонун Сынак комиссиясы түзүлдү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим 2019-жылдын 7-августунда «Centerra Gold Inc.» компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кол койгон Стратегиялык келишим жана Бир тараптуу милдеттемелерге ылайык,

Кумтөрдөн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду каржылоо үчүн түшө турган каражатты натыйжалуу колдонуу максатында кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, Стратегиялык макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» түзүлгөн, бул айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу милдетин аткарат.

Сынак комиссиясы Долбоорлорду тандоо жөнүндө бекитилген жобонун негизинде экологияны сактоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонууну жайылтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу боюнча долбоорлорду карайт.

Copyright © 2017 Maral FM