Биз менен байланышыңыз

Түркия менен АКШ Сириядагы жортуулду убактылуу токтотушат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 549 | 0

Түркия менен АКШ Сириянын түндүгүндө түрк аскердик жортуулун токтотуп турууга макулдашты. Бул тууралуу АКШ вице-президенти Майкл Пенс Анкарада Түркия президент Режеп Эрдоган менен жолугушкандан кийин билдирди.

Борбор Азия жаңылыктары порталы билдиргендей, ок атышуу 120 саатка токтотулат. Бул убакыт аралыгында күрд куралдуу кошуундары аскердик аракеттер болуп жаткан аймактардан чыгып кете алат. Андан соң Анкара операциясын толугу менен аяктайт.

Пенстин айтымында, Вашингтон Анкарага карата жаңы санкцияларды киргизүүгө ниети жок, ал эми буга чейинки чектөөлөр ок атышуу толугу менен токтотулгандан кийин алынышы мүмкүн.

АКШ президенти Дональд Трап Твиттердеги баракчасына: «Түркиядан сонун кабар!.. Миллиондогон өмүр сакталып калат«, – деп жазды.

Пенс менен Эрдогандын жолугушуусу эки жарым сааттан узакка созулду. Башында Эрдоган америкалык делегация менен жолугушпай турганын айтып, кийинчерээк планын өзгөрткөн. Түрк президенти АКШнын санкцияларынан коркпой турганын да белгилеген.

Эске салсак, Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд куралдуу топторуна каршы 9-октябрда аскердик жортуул баштаган. Анкара аларды террордук уюм катары эсептейт. Вашингтон тескерисинче, аларды “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен күрөшүүдө өнөктөшү катары сыпаттаган. Аскердик жортуулдун алкагында Түркия чек арага жакын аймактардын бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды. Күрддөр болсо түрктөрдүн чабуулунан коргонуу үчүн бир катар шаарларды сириялык аскерлерге өткөрүп беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM