Биз менен байланышыңыз

Кымбаттыгына карабай, чет өлкөгө окугусу келгендер көп

Билим-маданият | 17 Окт 2019 | 1281 | 0

Бишкекте «EXPO-2019» эл аралык окуу жарманкеси өттү. Анда Германия, Малайзия, Чехия, Канада жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү өз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларга тапшыруунун шарттары жана каралган жеңилдиктер тууралуу айтып беришти. Жарманкеге келген кыргызстандык жаштардын көпчүлүгүнүн чет өлкөдө билим алууга кызыкдар экендиги байкалды. Алар окуу кымбат экенине карабай, билимин чет өлкөдөн жогорулатууну самашат. Европага окууга өтүү үчүн атайын программалар бар, ошондой эле акысыз окууга да мүмкүнчүлүк алат.

Чет өлкөдө билим алуу студенттер үчүн ийгиликке жол ачат. Европанын дээрлик бардык университеттеринде окуу англис тилинде болгондуктан  «TOEFL», «IELTS»  тестинен өтүп, «англис тилин билет» деген сертификатка ээ болушу керек.

Окуу жарманкеси жыл сайын 2 ирет «World of Education» компаниясы тарабынан уюштурулат. Компаниянын аткаруучу директору Айгерим Акматова Кыргызстандагы кызыккан жаштардын баарына маалымат жеткирүүгө шарт түзүп жатышкандарын айтты.

— Бүгүн 30дан ашуун мамлекеттен өкүлдөр келип, программаларын айтып беришти. Жыл сайын 2 жолу өткөрүп келебиз. Чындыгында, чет өлкөдө билим алууга аракет кылгандар көп. Ошондуктан, биз кыргызстандык жаштарга маалымат берүү үчүн шарттарды түзүп жатабыз.

Канададан келген өкүл Людмила Андреевна алардын окуу жайында сапаттуу билим алгысы келген жаштар үчүн бардык багыттагы бөлүмдөр бар экендигин маалымдады.

— Акыркы жылдары чет өлкөлүк студенттер кызыга баштады. Себеби, алар сапаттуу билим алгысы келет. Окууну бүткөндөн кийин Канадада иштесе болот. Жогорку окуу жайга өтүүгө ар кандай программалар бар. Мүмкүн болушунча студенттерге шарттар түзүлгөн. Англис тилинен экзамен тапшырып, программа менен өтсө болот. Программанын негизинде жеңилдиктер каралган, ошондой эле бюджетке өтүүгө да мүмкүнчүлүк бар.

Япониядан келген Такео Хобаяси өз өлкөсүндө чет өлкөлүк студенттерге шарт түзүлүп жатканын, Японияга окууга тапшырган кыргызстандык жаштар көбөйгөнүн билдирди.

— Япон тилин билбеген студенттер өлкөбүздөн алгач тил үйрөнүп, андан кийин жогорку окуу жайга өтсө болот. Акыркы жылдары чет өлкөлүк студенттердин саны көбөйүүдө.  Японияда 3 миңден ашуун студент окуйт.  Алардын катарында кыргызстандык студенттер да бар. Ошондой эле Япония өлкөсүнө барууну каалагандардын да саны арбып баратат. Ошондуктан, университеттер жөнүндө маалымат бергени көргөзмөгө катыштык.  

Кошумчалай кетсек, дүйнө жүзү боюнча 4,3 миллион студент чет жерде билим алат. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун маалыматтарына ылайык, чет элдик студенттерди эң көп Австралия, Англия, Швейцария, Жаңы Зеландия жана Австрия өлкөлөрү кабыл алат.

Copyright © 2017 Maral FM