Биз менен байланышыңыз

Дин багытында сабак бергендер окуудан өтүп турат

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 522 | 0

Диний ишмерлерди окутуу маселеси 2015-жылдан бери күчүнө кирген. Мунун алкагында «Ыйман» Диний маданиятты өнүктүрүү фонду иш жүргүзүп, анын натыйжасында 2800 имам окуудан өтүп, атайын сертификатка ээ болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов маалымдады.

Анын  айтымында, окууга барган мугалимдер бир гана Куран, хадис боюнча эле илим албастан, мамлекеттик мыйзамдар жана башка сабактарды да окушат. Ошондой эле жыл сайын медреселерге мониторинг жүргүзүлөт. Алсак, быйылкы жылдын эсебинен 57 медресе текшерилген. Учурда отчеттор жазылып жатат. Ал ноябрь айына даяр болуп калат.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда каттоодон өткөн Исламий багыттагы 2669 мечит, 112 медресе, 11 жогорку окуу жай, иудачылардын 1 синагогасы, 1 Будда храмы, 41 Жахаба күбөлөрүнүн борбору жана Христиан динин тутунгандардын 233 чиркөөсү, 10 диний окуу жайы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM