Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоодогу квота аялдарга ишеним берет

Саясат | 16 Окт 2019 | 928 | 0

«Жергиликтүү Кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Ага «Жергиликтүү Кеңештердеги мандаттын 30 пайыздык квотасы аялдарга берилсин» деген жобо да кирген. Анын негизинде Ысык-Көл облусунун Саруу айылдык Кеңешинде шайлоо болуп, 16 аял талапкердин 9у өткөн.

Анткен менен аялдардын башкаруусуна каршы пикирлер да айтылып жатат. Маселен, 22-сентябрда өткөн Ысык-Көл облусунун Саруу айылдык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койгон аялдарга айрым эркек талапкерлер каршы чыгышып, президентке кат жөнөтүшкөн. Анда «250 добуш алган эркек киши өтпөстөн, 5 добуш алган аялдын өтүп кетиши туура эмес болот», — деген пикирлер айтылган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоолорго аялдардын активдүү катышуусу жана алдыдагы аткарыла турчу иштер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык активисттер катышкан талкуу өткөрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова квота аялдарга ишеним берерин белгиледи.

— Бул иш буга чейин көтөрүлүп келген, бирок коргоо механизми болгон эмес. Квота бизге ишеним берет. Аялдар негизги максатка жете аларына ишенем. Кандай кызматка барбасын, эркектер менен тең иштей алат. Ошондой эле шайлоо процессинде да бирдей укукка ээ болот.

Бул мыйзам долбоорун колдогон Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева аялдар депутаттыкка келсе, социалдык темаларды көбүрөөк көтөрүп чыгып, ага бөлүнчү каражатты да калыс карай турганын билдирди.

— Аялдар социалдык темаларды көтөрүп чыгат. Ошондуктан аялдар эркектер менен тең укуктуу иштеши керек. 

Жогорку Кеңештин мурунку чакырылыштарына салыштырмалуу бул жолку чакырылышында 20 аял депутат бар. Ал эми Жергиликтүү Кеңештердин 11 %ын аялдар түзөт. «Муттакалим» аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы квота берилсе, мыйзам чегинде аялдар талапкерлигин кое ала турганын айтат.

Жарандык активист Банур Абдиева Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык Кеңешине болгон шайлоо таза өттү деген пикирде. Антсе да, маалымат толук жетпегендиктен, жергиликтүү калк ар кандай кабыл алышкан. Буларды айтуу менен бирге, 2020-жылы өтө турчу шайлоолорго аялдар активдүү катышарын күмөн санабасын жашырбады.

— Ысык-Көл облусунда айылдык Кеңештин депутаттыгына 16 аял талапкерлигин койгон. Анын ичинен 9 аял татыктуу өткөн. Эмнегедир эркектер көралбастык кылдыбы, билбейм, каршы чыккандар болду. 2020-2021-жылкы шайлоого аялдар активдүү катышып, шайлоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк толук бар деп ойлойм. 

Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Ал шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жылдары өтө турчу шайлоолорго даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат алды. Өлкө башчы шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, жарандардын шайлоо системасына ишенимин жогорулатуунун, шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоонун зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM