Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 493 | 0

Билим берүү мекемелеринде иштегендердин эмгек акысын эсептөөнү автоматтык системага которуу пландаштырылууда. Министрлик бул программаны иштеп чыгуу үчүн учурда техникалык талаптарды даярдап жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай ыкманы колдонуу буга чейин аныкталып келген негизсиз маяна алуучу «өлүү жандарды» жокко чыгарууга жана эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт.

Учурда билим берүү тармагынын бухгалтерлери айлык которуу эсебин кагаз түрүндө жүргүзүп келет. Айрым район, шаарларда эмгек акы төлөө боюнча ченемдик-укуктук актылар бузулган учурлар кездешет.

Эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуулар катталганын тастыктайт. Көбүнесе эмгек акыны жана стимулдук фондду негизсиз которгон, каражатты максатсыз пайдаланган жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлеринин маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM