Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын 2 университети Евразиядагы алдыңкы окуу жайлардын бири деп табылды

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 1079 | 0

Улуу Британиянын «Quacquarelli Symonds» аналитикалык компаниясы өнүгүп келе жаткан Борбордук Азиядагы жана Европадагы алдыңкы университеттердин рейтингин сунуштады.

Тизмеге дүйнө жүзүндөгү 350 жогорку окуу жай кирди. Анда жогорку окуу жайлардын академиялык кадыр-баркы, адистердин илимий даражалары жана кызматкерлердин санына илимий басылмалардын канча саны туура келери жана башка көрсөткүчтөр каралган.

Аталган тизмеге Кыргызстандын эки окуу жайы: 163-катардан орун алган Борбордук Азиядагы Америка университети жана 190-катардан орун алган Кыргыз-Түрк «Манас» университети да кирген.

Рейтинг боюнча алдыңкы үч орунду Орусиядагы окуу жайлар ээлеген. Атап айтсак, 1-орунда М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, 2-орунда Санкт-Петербург мамлекеттик университети, үчүнчү орунда Новосибирск мамлекеттик университети турат. Белгилей кетсек, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети 5 жылдан бери биринчи орунду бербей келет.

Ал эми аталган рейтиндин тизмесине Казакстандын 24 жогорку окуу жайы кирген. Алардын ичинен Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети Борбордук Азиядагы жана Европадагы эң алдыңкы 50 окуу жайдын катарына кошулган.

Copyright © 2017 Maral FM