Биз менен байланышыңыз

Жусупбекова: Түрк мектебин текшерүү үчүн комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 1337 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагында жайгашкан мектеп боюнча айтып чыккан. Анда окуу жайдын лицензиясы да жок экенин, мектептин директору балдарга ыдык көрсөтөрүн да билдирген. Бул маселенин алкагында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен маек курдук.

-Буга чейин “такталып жатат” деген жүйө менен маалымат берилбей келди эле. Азыркы кырдаал боюнча айтсаңыз…

-Бизге ошол мектепте окуган баланын энеси кайрылган. Биз ошол замат Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жолдогонбуз. Алар эң биринчи чечимди кабыл алып, мектептин жетекчилигин кызматтан алды. Министрлик тарабынан комиссия түзүлүп, ата-эненин кайрылуусу боюнча иштеп жатабыз. Корутундусу чыккандан кийин кеңири маалымат беребиз.

 -Мектептин лицензиясы барбы?

-Негизи лицензия болушу керекпи, болбошу керекпи? Бул боюнча азыр комиссия иш алып барууда.

-Сиздердин талаптар боюнча кандай мектептерге лицензия берилет? Башка мамлекеттин мектептери кандай талаптар менен билим берүү укугуна ээ болот?

-Негизинен бизде жеке мектептер лицензия алышат. Мамлекеттик, муниципалдык мектептер бизден улам аккредитациядан өтүп турат. Эми биз бул мектепке барып: “Бул кандай? Мамлекеттикпи? Кандай келишимдин негизинде иштейт?” Мунун баарын комиссия иликтейт.

-Буга чейин кандай иштеп жатканынан кабарыңыздар болгон эмеспи анда?

-Кабарыбыз болгон. Жакшы эле иштеп жаткан. Ата-энелер тараптан да нааразычылык болгон эмес.

Жеке мектептер лицензия менен иштесе, башка мамлекеттин мектептери кандай талаптар, жоболор менен иштейт?

-Муниципалдык мектептер деп коёбуз. Алар 5 жыл сайын аккредитациядан өтүп турушу керек. Уставы, документтери кандай? Баары каралып турат. Мамлекеттик мектептер биз берген программа, стандарт менен билим берет.

-Комиссияга кимдер кирди? Алардын иши качан жыйынтыкталат?

-Алардын катарына бул тармакты түшүнгөн, билим берүү системасы, окутуу, документи, тарбия берүүсү кандай болушу керектигин түшүнгөн адамдар кирди. Барып көрүп, башка ата-энелер менен дагы сүйлөшөбүз. Мектептин бардык стандарттарын текшеребиз.

Убакыт боюнча айтсам, бир аз созулушу мүмкүн. 1-2 жумада бир тыянакка келебиз.

-Ыдык көрсөткөндүгү айтылып жаткан мурдагы директордун Кыргызстандан чыгып кеткендиги айтылып жатат. Ал чыгып кетсе, кырдаал эмне болот?

-Ал – Түркиянын жараны. Мектеп да түркиялык жарандар үчүн болуп жаткандан кийин элчилик өз кадамын шилтеди. Эми биз териштирип, өзүбүздүн чарабызды көрөбүз. Мектеп биздин өлкөнүн аймагында болгондон кийин барып текшеребиз. Алдын ала бир нерсе деп айтуу да туура эмес.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM