Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту: Кызматкерлер иштен алынган жок

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 712 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова Фейсбуктагы баракчасына аэропорттун 50 кызматкери иштен алынганы чындыкка дал келбейт деген билдирүү жазды. Анын айтымында, Жарандык авиация агенттигинин жана ИКАО эл аралык системасынын ченемдери боюнча авиациялык коопсуздук бирдей болушу керек.

Буга байланыштуу Бишкек «Манас Менеджмент» туунду компаниясынын айрым кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортунун Бишкектеги филиалынын авициялык коопсуздук кызматына которулат. Алардын маянасы жана социалдык жеңилдиктери сакталат.

Бүгүн «Манас» эл аралык аэропортунун айрым кызматкерлери иш таштоого чыгарын «Маралга» ишенимдүү булактар билдирген.

Иш таштоо чыгууга кызматтагы мыйзамсыз кыскартуулар себеп болгонун айтышкан. Тактап айтканда, аэропорт жетекчилиги 50дөн ашык адамды эч себеби жок иштен алып салганын жүйө келтиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM