Биз менен байланышыңыз

Быйыл ИДПнын көлөмү 400 млрд сомду түздү

Экономика | 11 Окт 2019 | 526 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы ички дүң өндүрүмдүн көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берилди. Анда негизинен өнөр жайдагы өсүшкө басым жасалды. Маселен, «Кумтөрдү» эске албаганда, өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 1,5 %га төмөндөгөн. Антсе да, былтыркы жылга салыштырмалуу 16,5 % га өскөн.

2019-жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын көлөмү 400 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 6 пайызга көбөйдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев берди. Анын билдирүүсүнө таянсак, ИДПнын өсүшүнө негизинен өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү салым кошкон. Ошондой эле былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла көтөрүлгөн.

— Быйыл ИДПнын өсүшүнө өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү салым кошту. Ошондой эле металл рудаларын казуу жана чийки мунайзаттын көбөйүшү менен шартталды. 

Быйылкы жылдын 9 айында калкты электр энергиясы жана газ менен камсыздоо үчүн казынадан 25 млрд сом бөлүнгөн. Бирок электр энергиясын өндүрүү 2,3 пайызга кыскарганын Өнөр жай жана энергетика статитикасы бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжан Сатыбекова билдирди. Бул тармак былтыркы жылга салыштырмалуу төмөн көрсөткүчтө экени айтылды.

— Быйылкы жылдын 9 айындагы көрсөткүч былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу бир топ жогору. Бирок электр энергиясынын өндүрүүдө 2, 3% га төмөндөдү. 

Статистикалык маалыматтар көбүнчө чыныгы абал менен дал келбей турганын адистер айтып келет. Экономист Абдималик Кудайбердиев Улуттук статистика комитети так маалымат чыгарышы керектигин, экономиканын эсебин чыгарып коюу менен майнап чыкпасын айтты. Анын пикиринде, экономиканын басымдуу бөлүгү көмүскөдө болгондуктан көрсөткүчтөр да так эмес болууда.

— Улуттук статистика комитети бардык тармактын өсүшү, төмөндөшү тууралуу так эсеп чыгарышы керек. Көмүскө экономика эсепке кирбегени мамлекеттик экономикага терс таасирин тийгизет. Статком 2-3 % жогорулады деп эсептей берет, бирок так эмес чыгарып жатат. 

Кошумчалай кетсек, быйыл өнөр жай тармагынын үлүшү 20%га жакындады, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 %дык пунктка жогорулады. Ал эми курулуш тармагы 7,4 %га өстү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM