Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 12-октябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 4….9… күндүз: 13…..18°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 2….7….күндүз: 13…..18°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 7…..12….күндүз: 20…..25°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 10……15°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 1….6…..күндүз: 9…..14°C;
12-октябрда Бишкекте күндүз жаан чачын күтүлбөйт, түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 16……18°C, түнкүсүн 5..… 7°C.