Биз менен байланышыңыз

Батукаев боюнча алгачкы сотко экс-президент Атамбаев катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 526 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум башталып, ал 14-октябрга жылдырылды. Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуудан баш тартканы себеп болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Сот иши жабык өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилген жок.

Айыпталгандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу кызматынын экс-башчысы Калыбек Качкыналиев калган.

Бул кылмыш иши боюнча алгач мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге, бир катар дарыгерлерге, жалпысынан 14 кишиге айып коюлган. Алардын айырымдары тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан, жоопкерчилик жагы өзгөртүлгөнү айтылат.

Ал эми Бусурманкул Табалдиев өлкөдөн чыгып кеткендигине байланыштуу ага сыртынан айып тагылууда.

Атамбаевге бул кылмыш ишинин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго «Көз көрүнөө калыс эмес өкүмдү же башка сот актысын чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери менен айып тагылып, кызматтан алынган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM