Connect with us

Эквадордогу митингде 700дөн ашык адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 1140 | 0

Эквадордо күйүүчү майлардын кымбаттоосунан улам митингге чыккандардын 700дөн ашууну туткундалды.

Акциянын жүрүндө кармалган адамдардын саны 714кө жеткен. Эквадордун Ички иштер министринин маалыматына ылайык, нааразычылык акция учурундагы кагылышуулардан улам 400 адам жабыркаган, анын 86сы милиция кызматкери. Ошондой эле министр каза болгондор жок экендигин белгилеген.

Анын айтымында, жабыркагандардын көпчүлүгү ооруканага көздөн жаш агызуучу газдын айынан дем алуусу оорлоп кайрылган.

Нааразычылык акциясы 3-октябрда бензин жана дизелдин баалары кымбаттап кеткен соң башталган. Элди тарткатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM