Эквадордо күйүүчү майлардын кымбаттоосунан улам митингге чыккандардын 700дөн ашууну туткундалды.
Акциянын жүрүндө кармалган адамдардын саны 714кө жеткен. Эквадордун Ички иштер министринин маалыматына ылайык, нааразычылык акция учурундагы кагылышуулардан улам 400 адам жабыркаган, анын 86сы милиция кызматкери. Ошондой эле министр каза болгондор жок экендигин белгилеген.
Анын айтымында, жабыркагандардын көпчүлүгү ооруканага көздөн жаш агызуучу газдын айынан дем алуусу оорлоп кайрылган.
Нааразычылык акциясы 3-октябрда бензин жана дизелдин баалары кымбаттап кеткен соң башталган. Элди тарткатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.
Delincuentes (de todo tipo de delitos) son los únicos que se benefician del caos.
Fuga en el Rodeo #Manabí esta mañana pero la @PoliciaEcuador está ya en la recaptura. #BuenTrabajoPoliciaEc pic.twitter.com/J098bz4WM5
— María Paula Romo (@mariapaularomo) October 9, 2019