Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы жер титирөөнүн эпкини Ысык-Көлгө да тийди

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 488 | 0

Бүгүн, 9-октябрда таңкы саат 03:49да Казакстандын аймагында очогундагы күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөө Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM