Биз менен байланышыңыз

Энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынат

Ден соолук | 7 Окт 2019 | 999 | 0

Башка мамлекеттер энергетикалык суусундуктардын адам организмине тийгизген терс таасирин изилдеп чыгып, мындай алкоголсуз ичимдикти сатууга эчак эле тыюу салган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева билдирип, буга Кыргызстанда да мыйзам чегинде тыюу салуу маселесин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрдү. Анын белгилешинче, элдин ден соолугу биринчи орунда турушу керек. Андыктан, бул багыттагы мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин айтты.

— Башка өлкөлөр энергетикалык суусундуктарга мурда эле тыюу салган. Калкы аз өлкөбүз, ошондуктан жарандардын ден соолугун биринчи орунга коюшубуз керек. Өзгөчө өспүрүмдөрдүн ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат.

Энергетикалык суусундуктардын курамында кофеин, химиялык заттар болгондуктан, организм бат көнүп, баш тартуу кыйын болуп калат. Бул маалыматты берген нарколог Шайлообек  Өмүралиев: «Ден соолукка зыян болгон ичимдиктердин баарына бөгөт коюу керек», — деп эсептейт. Өзгөчө, өспүрүмдөрдүн ден-соолугуна тынчсызданган дарыгер ичкиликти жоюуда комплекстүү иш алып барууга чакырат.

— Ден соолукка зыян келтирген азыктарга тыюу салуу керек. Адам баласы энергияны күндүн нурунан жана тамактан алат. Ошондуктан энергетикалык суусундукту ичүүнүн кажети жок. Себеби, анын пайдасы жок,  тескерисинче көптөгөн ооруларга дуушар кылат.  

Ал эми шаар тургундарынын арасында бул суусундуктун зыян экенин билсе да, ичип жүргөндөр бар.  Кээ бирлери сергек жүрүү үчүн ичишсе, айрымдары зыян экенин билгенден кийин, мындай суусундуктардан баш тартышкан.

— Түнү иштегеним үчүн энергетикалык суусундукту ичүүгө туура келет. Албетте, ден соолукка зыян деп айтышат, бирок мага сергек жүрүүгө жардам берет. Күн сайын ичпейм, 1 айда 3-4 жолу ичем.  

Спирт ичимдиктерине тыюу салуу боюнча демилге көтөрүп жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу учурда иштеп жаткан мыйзамды күчтөндүрүү керек деген пикирде. Ал убагында кабыл алынган мыйзамды иш жүзүндө текшерүү үчүн атайын дүкөндөргө да барып көргөн.

— Спирт ичимдиктерин сатууга, жашы жете элек өспүрүмдөргө ичүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынып, иш жүзүндө иштеп жатат. Мыйзамды күчтөндүрүү керек. Соода түйүндөрүнө атайын өзүм барып, текшерип  көргөм.

Айта кетсек, энергетикалык суусундуктар ар кандай оорууга чалдыктырат. Маселен, жүрөк оору, кан басымдын көтөрүлүүсү, бөйрөктүн ашыкча иштеши, ошондой эле эркектерди жыныстык алсыздык (импотенция), аялдарды тукумсуздук сыяктуу ооруларга жеткирерин адистер белгилешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM