Биз менен байланышыңыз

Шахтада каза болгон бир туугандар 165 метр тереңдикте болушкан

Коом , Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 913 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада каза болгондор бир туугандар болушкан. Алар Камалидин Якубов 1975-жылы туулган, Жамалидин Якубов 1977-жылы туулган, Низамидин Якубов 1975-жылы туулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын штаб башчысы Кабыл Урайымов окуя тууралуу «Маралга» маалымат берди. Анын айтымында, бир туугандар 165 метр тереңдикте болушкан. Экөө жер астында жан берген, бири ооруканага жетпей каза болгон.

Ушундай эле каргашалуу окуя Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында жайгашкан шахтада орун алды. Анда да үч ар башка айылдын жараны 45 метр тереңдикте газга ууланып каза болгон. Алар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айыл аймагынын тургуну Ажыбек Абдувалиев 1995-жылы төрөлгөн, Толкун деген жигит 1986-жылы туулган, ал Ноокат районунун тургуну, Байит деген жаран 1977-жылы туулган, ал да Ноокат районунун тургуну.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча көмүр казуу кооптуу экенин билсе да, бала-чаканы багууну ойлоп, тобокелдикке барышарын адистер белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM