Биз менен байланышыңыз

Баткенде 106 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду

Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 1829 | 0

Баткенде 106 үй-бүлө кайтарымсыз турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди.

Социалдык шаарча 25 турак үйдөн, 4 батирден турат. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмеректер менен камсыздалган.

Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган.Ошондой эле таза суу линиясы тартылып, ар бир үй таза суу менен камсыз болгон. Аталган чоң обьект багуучусу жана турак жайы жок көп балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди.

Кыска аралыкта курулушу аяктаган шаарчанын ачылышына курулуш иштерин толугу менен каржылаган Кувейт мамлекетинен келген коноктор, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов баштаган жергиликтүү жетекчилер, шаар тургундары жана турак жай алуучулар катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM