Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар кезек күтүүдө

Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 727 | 0

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. «Актилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 100дөй оор жүк ташуучу автоунаа топтолуп турат.

Казак тарап 4-5 оор жүк ташуучу унааны бир сааттан карап жатат. Буга аркы тараптагы текшерүү комплекси иштебей жатканы себеп болгон. Ал эми жеңил автоунаалар жана жүргүнчүлөр эч кандай чектөөсү жок өтүп жатат.

Кыргыз тарап дагы ашыкча текшерүүсүз өткөрүүдө. Алар унаалардан баңгизат, курал-жарак, ок-дары жана жарылуучу заттарды гана издөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM