Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө психологиялык ооруларды дарылоого жылына 1 трлн доллар коротулат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 552 | 0

Психологиялык ооруларды дарылоо үчүн жыл сайын дүйнө экономикасынан 1 трлн доллар коротулууда. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо бирикмесинин эсептөөсүндө айтылат.

Адистер психологиялык ооруларды дарылоого инвестиция ажыратуу аталган көйгөйдү жеңилдетүү жолдорунун бири катары эсептешет. «Өкмөттүн бул багытка жумшаган ар бир доллары 4 доллар болуп кайтышы мүмкүн», — дешет окумуштуулар.

Ал эми «The Economic» басылмасына жарыяланган маалыматтарга таянсак, окумуштуулар жаштар арасында кызуу кандуулуктун жана психологиялык алсыздыктын кенен жайылуусунун себеби катары 3 факторду аташат.

Алардын биринчиси, социалдык тармак. Тагыраагы, бала өзүн виртуалдык дүйнөдө досторунан ажырап калгандай же өздөрүн теңтуштары тарабынан кемсинтилип жаткандай сезиши мүмкүн. Респонденттердин жарымынан көбү экинчи маселе катары, зордуктоону (физикалык, псиохологиялык, моралдык) белгилешкен. Ал эми үчүнчү фактор академиялык көйгөйлөр болуусу ыктымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM